Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-октябрда саат 17:00 чамасында Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унаа 2009-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада унаанын 2002-жылы туулган айдоочусун (кыз киши) таап, Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришти. Ал эми унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.