Бишкекте окуучу өз жанын кыйды. Милиция эмне дейт?

Кечээ, 29-сентябрда социалдык тармактарда Бишкекте 17 жаштагы окуучу үйүндө өмүрүн кыйганы тууралуу пост жарыяланган. Андагы маалымат боюнча, 26-сентябрда ал классташтарынын бири менен сейилдеп жүрүп чылым чегүүнү чечишкен. Аларды байкап калган милиция кызматкерлери окуучуларды зекип, коркутуп, 3000 сом талап кылышкан. Окуядан кийин өспүрүм жанын кыйган. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.

26-сентябрь күнү саат 12:48 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына чакыруу түшкөн. Анда Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүнүн көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде Ч.у.Т. аттуу жарандын денеси асылып турган абалда табылганы билдирилген.

Окуя болгон дарекке райондук ички иштер башкармалыктын ыкчам-тергөө тобу дароо барышкан жана аталган факты далилденип, 2007-жылы туулган өспүрүм мектептердин биринин окуучусу экенидиги аныкталган. Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге катталып, тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

«Бул иш Свердлов РИИБдин жетекчиликтери өз көзөмөлүнө алганын билдиребиз. Бардык зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүп, далилдер кылдаттык менен текшерилет. Мындан тышкары, борбордук милициянын жетекчилиги маркумдун туугандары менен байланышка чыгып, кабыл алууга чакырышты», — деп айтылат маалыматта.