Бишкекте өлтүрүп кетишкен түнкү клуб диджейинин аты-жөнү такталды

Борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда өлтүрүлгөн түнкү клубдун диджейинин өздүгү такталып, Ал 38 жаштагы Дмитрий Саразов экенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, маркум Саразов өз чөйрөсүндө «DJ Casper» аттуу каймана ат менен белгилүү. Жана ал буга чейин маалымдалгандай «Бензин-312» түнкү клубунда иштечү эмес. Маркум музыкалык аппараттарды ижарага берүү менен ошондой эле маареке тойлордо диджей катары иштеп эмгек кылчу.

Белгилей кетсек, кечээ түндө Бишкек шаарындагы түнкү клубунун диджейин белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Милициянын маалыматына караганда окуя калаадагы“Чыгыш-5” кичи районунда болгон. Анда маркумдун денесине эки ок тийгени аныкталып, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын, шектүүлөргө издөө жарыяланганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.