Бишкекте адамдын ден соолугуна оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-декабрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына ооруканадан маалымат түшкөн. Анда 1952-жылы туулган жарандын денесинде жаракаттары менен ооруканага түшкөнү, 2 суткадан кийин алган жаракатынан каза болгону айтылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.