Бишкекте оозуна кагаз тыгылып ташталган ымыркайдын видеосу тарады. Милиция энесин издеп жатат

Бишкектин Ленин РИИБи көчөгө ташталган ымыркай боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, 19-ноябрда саат 22:45 чамасында милицияга Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды баштыкка байлап, кутуга салып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Учурда ымыркай (эркек бала) ооруканада, анын абалын дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Энесин издөө жүрүп жатат.

Ал эми редакция ымыркайды төрөтканага алып барган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Толкунбек Ташматов менен байланышканда, окуя болгонун тастыктады. «Бизге ымыркай жатат деген маалымат түшкөндө бардык. Абалы начар болчу. Дене табы түшүп кетиптир. Оозунда кагаз болгону чын. Азыр дене табы калыбына келди дешти. Бир аз кечирээк болгондо чарчап калмак экен. Уул баланы 2-төрөтканага алып бардык», — деген ал.