Бишкекте опузалап пара талап кылууга шектелип милиция кызматкерлери кармалды

Кечээ, 3-апрелде Ички иштер министрлиги менен биргеликте, 160 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Б.М., Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталды. Тинтүүдө жогоруда аталган адамдардын кызматтык бөлмөлөрүндө пара катары алынган 80 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын бир бөлүгү, ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан төлөнгөн чектер жана квитанциялар) табылып алынган. Жогорудагы адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.