Бишкекте өрт чыккан үйдө ууланган жаран ооруканага жеткирилди

Бишкектин 7-кичи районундагы үйдүн 1-кабатында электр калканы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«1989-жылы туулган жаран түтүнгө ууланып, «103» кызматы алып кеткен. Азыркы учурда абалы туруктуу. Өрт электр зымдарынан келип чыккан», — дешти.