Бишкекте орус драм театрында өрт чыкты

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын Касым Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан алдын ала маалыматка ылайык, орус драм театрынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, саат 14:00дө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, саат 14:00дө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, саат 13:53тө Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, жалпысынан 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ЦУКСтан ыкчам топ тартылган.