Бишкекте Орусиянын жаранынын бычакталган жансыз денеси табылды

Бишкекте Орусиянын жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-октябрда болжол менен саат 13:15 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги Калык Акиев көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүндө эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция 1992-жылы туулган Орус жаранынын бычакталган жансыз денесин тапкан.

Аталган факты Ленин РИИБге катталып, экспертиза дайындалган. Тергөө уланууда.