Бишкекте «Ош базарындагы» дүкөн өрттөндү (сүрөт)

Бишкектеги дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-ноябрь күнү Ленин районунун Бейшеналиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге бир өрт өчүрүүчү бөлүмү, ыкчам бөлүмү жана 5 куткаруучу тартылган. Өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр соода дүкөнү, ичиндеги азык-түлүк жана кийим-кечелери күйгөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда. Өрт саат 22:26да чектөөгө алынып, толугу менен 00:02де өчүрүлдү.