Бишкекте «Ош сила» лотереясын уюштургандар белектерин өздөрү утуп жүрүшкөн

Бишкекте мыйзамсыз лотерея өткөргөн уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Эч кандай уруксат документтери жок, мыйзам талаптарын бузуу менен «Ош сила» лотереясын өткөрүп жүргөндөр аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө, уюштуруучулар катышуучулардын акчасын алуу жана жеке баюу максатында лотерея ойнотуп, анын жыйынтыгында жасалма жеңүүчүлөр аныкталганы такталган. Көптөгөн катышуучуларды тартуу үчүн лотереяда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк (унаа, батир, жер) түрүндөгү кымбат баалуу байгелер ойнотулган. Ал эми жеңүүчүлөр атайын дайындалган адамдар болгон жана бардык байгелер лотереянын уюштуруучуларында калган.

«Ош сила» лотерея кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында буюм далилдери — лотерея билеттерин басып чыгаруучу принтер, тираж үчүн барабан, мыйзамсыз лотереяларда байге катары колдонулган автоунаалар, ошондой эле мыйзамсыз иш-аракетти тастыктаган документтер табылган. Бул факты боюнча алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз лотереянын уюштуруучулары кармалды.