Бишкекте өспүрүм кыздын көз жарышы. Кылмыш иши козголду

Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери 2004-жылы туулган кыздын кимден кош бойлуу болгонун аныктап жатышат. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-июнда Бакай-Ата РИИБге Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына​ ​катталган материалы келип түшкөн. Анда Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 2004-жылы туулган жараны 37 жумалык боюнда бар экени көрсөтүлгөн.

Аталган факт ​аймактык караштуулугу боюнча Бакай-Ата РИИБге катталып, 9-июнда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине​ ​ которулуп, сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 164-беренеси менен башталган.​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

Азыркы убакта жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза​ дайындалып, ​кыздын кимден кош бойлуу болгондугун аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.