Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
25-август күнү Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, көрсөтүлгөн күнү Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө коомдук тартипти бузуп, жашы жете элек баласы менен чыр-чатакка барып, андан соң унаасынын сол капталындагы күзгүсүн сындырып, окуя болгон жерден качып кеткен. Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп башталган. 1998-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иштери улантылууда.