Бишкекте өспүрүм өзү казган чуңкурга түшүп кеткен. Анын абалы айтылды

Кечээ, 11-сентябрь күнү Бишкек шаарына караштуу Ак-Ордо-1 конушунда жайгашкан үйдүн короосунда 2006-жылы туулган өспүрүм чуңкур казып жатып, түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.

Ал жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамында жабыркаган эркек баланы чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Маалыматка ылайык, жарандын абалы канааттандырарлык.