Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жигит. Милиция тергөө жүргүзүп жатат

Милиция өз жанын кыюуга аракет кылган жигиттин окуясы боюнча алдын ала тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

6-август күнү Акиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынын терезесинен секирүүнү көздөп жаткан жигит боюнча маалымат түшкөн. 

Бул факты катталып, окуя болгон жерге Ленин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барган. Жигит 2005-жылы туулган Р.М. болуп чыккан. Куткаруучулар аны менен сүйлөшүп, куткарып калышкан. Милиция кызматкерлери белгилегендей, анын абалы жакшы.