Бишкекте өз өлкөсүндө алдоо жана каржы пирамидасын түзүүгө шектелген Кытай жараны кармалды

Өз өлкөсүндө алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен ири суммадагы акча каражатын ээлеп алууга шектелген Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2013-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген Кытайдын 1971-жылы туулган жараны мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган. Ал 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана расмий органдарга өзүнүн келгендигин мыйзамдаштыруу үчүн кайрылган эмес. Кытай жараны Пекин шаарындагы компаниялардын биринин башкаруучусу кезинде 2013-жылдын март айында алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 миллион юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырган. Бул факты боюнча чет өлкөлүк жаранга Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

19-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан Кытайдын жараны кармалды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен жаранга карата №1 тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.