Бишкекте «өзгөчө» жасалма номурлуу унаанын айдоочусу кармалды

Бишкекте жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда кечээ, 11-мартта саат 15:50 чамасында кызматкерлер Чүй менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Хонда ЦР-В үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун токтотушкан. Токтотулган унаанын документтерин текшерүү учурунда 1983-жылы туулган жаран автоунаасына жасалма номур тагып жүргөнү аныкталган. Унаа айып короого токтотулуп, айдоочу чара көрүү үчүн Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.