Бишкекте Пакистан жараны мыйзамсыз миграция уюштурганы үчүн кармалды

ИИМдин жана Бишкек шаарынын ИИББнын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте алдамчылык жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактылары боюнча чет элдик жаранды кармашты.

Н.М. аттуу Пакистан Ислам Республикасынын жараны Кыргызстанга иштөө визасын ачуу үчүн 1000 доллар алып, ушул күнгө чейин ачпай, изин жашырып жүргөндүгү аныкталган. Аны менен кошо Пакистан Ислам Республикасынан 15-20дай адам Кыргыз Республикасына иштөө үчүн келгени да аныкталган. Пакистан Ислам Республикасынын жараны Н.М. алдоо жолу менен материалдык пайда алуу максатында транспорт каражаттарын, турак-жай, уруксаты жок (эмгек визасы, иштөөгө уруксаты, каттоосу) жумушту жана башка жайларды берип, акча табуу максатында Кыргыз Республикасына чакырып, бирок ошол эле учурда 600 доллардан жогору айлыкка ишке орноштурам деп убада берип, бирок Кыргыз Республикасына туристтик виза менен келгенден кийин Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехтеринин бирине ишке киргизген. Оозеки түрдө келишим түзүлгөндөн кийин, чакыруучу Н.М. тарабынан айтылган убадалар, эмгек акы, жашай турган жер жана башка берилген эмес.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан, ошондой эле Бишкек шаарынын ИИББнын жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтары жана биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Пакистан Ислам Республикасынын жараны Н.М. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.