Бишкекте пакистандык жаран поезддин алдында калып, көз жумду

Кечээ, 12-декабрда саат 15:50 чамасында чет элдик жаранды поезд сүзүп кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Кыргыз темир жолунан» билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жаранга кайра-кайра коңгуроо кагылган, бирок ал уккан эмес. Ал эми жергиликтүү ЖМКлар анын пакистандык экенин жазышууда.