Бишкекте поезд пакистандык жаранды сүзүп кеткен учурдун видеосу тарады. Медицина факультетинин студенти Мухаммад Рамзандын сөөгү 12-декабрда рельстен табылган.
Бир катар соцтармак колдонуучулары чет элдик жаранды өлтүрүп, кийин анын сөөгү рельске ыргытылган деп жазышууда. Өз кезегинде Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги Министрлер кабинетин бул окуяны тез арада иликтеп, жарандын өлүмүнүн себебин айтууга чакырган.