Пара талап кылуу фактысы боюнча Биринчи Май РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кечээ, 9-сентябрда УКМК тарабынан укук коргоо органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара талап кылуу фактысы боюнча милициянын майору кармалган. Такталган маалымат боюнча, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын майору алдамчылык кылды деп жоопко тартуу тууралуу коркутуу менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургунунан улуттук элементтерден жасалган кымбат баалуу сувенир жана 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган адам тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды андан ары ишке ашыруу үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.