Бишкекте патрулдук милиция кызматкери 2500 доллар пара опузалоого шектелип кармалды

12-апрелде ИИМдин ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 2500 доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Э.Н.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан транспорт каражатын башкаруу укугун (айдоочулук күбөлүгүн) кайтарып берүү, ошондой эле унаасын айып короодон алып чыгуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылганы аныкталган. Э.Н.А. буга чейин да ушул эле шылтоо менен дагы бир жарандан 500 доллар алган. Кармалган патрулдук милиция кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.