Бишкекте пенсионердин моюнунан алтын чынжырын жула качкан шектүү кармалды (видео)

Социалдык тармактарга Бишкекте көчөдө бараткан аялдын моюнунан чынжырчасын жулуп качып кеткен адамдын видеосу тараган. Аталган окуя боюнча ИИМдин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди.

«Окуя 23-июль күнү катталып, 80 жаштагы пенсионер артынан белгисиз жаран келип, моюнундагы алтын чынжырын жулуп кеткенин айтып кайрылган. Аталган факты 206-берене (уурулук) менен электрондук китепчеге катталган. Жалпысынан 50 миң сом зыян келтирилгени белгиленген. 

Иликтөөнүн жыйынтыгында уурулукка шектелип мурда соттолгон, Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну А.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, ал алтынды 15 миң сомго күрөөгө койгон. Териштирүү иштери улантылууда», — деп жазылат маалыматта.