Бишкекте рейд жүрүп, сойкулук менен алектенген делген 250 кыз аныкталды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бишкек шаарынын аймагында “Көпөлөк-притон” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-ноябрдан бери Бишкек шаарында “Көпөлөк” аттуу профилактикалык иш-чара өтүүдө. Алгачкы үч күндө борбор калаанын милиция кызматкерлери болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөткөн кыздар иштей турган сауна, мейманкана жана ижарага алынган батирлерди текшеришти. Аткарылган иштердин жүрүшүндө милиция 250дан ашык кызды аныктады, алардын ичинен 8 жашы жете элек. Аталган фактылардын баары райондордун ички иштер башкармалыктарында жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына катталып, 160-берененин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде 10 кылмыш иши козголгон жана 2 кылмыш иши боюнча шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары, укук бузууларды жасагандыгы үчүн 11 кыз соттун чечими менен административдик жоопкерчиликке тартылып, Бишкек ШИИБдин атайын кабыл алуучу жайына киргизилди.