Бишкекте сабалган чет өлкөлүк студенттер. 22 жаштагы жигит ооруканага жаткырылды

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте белгисиз жигиттер чет элдик студенттерди сабап салгандагы видео тараган. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, окуя боюнча маалымат милицияга 8-майда саат 02:12де Улуттук хирургия борборунан түшкөн. Анда 2000-жылы туулган Индиянын жараны денесинен жаракат алганы айтылган. Жерине барган Ленин РИИБдин кызматкерлери алдын ала териштирүүдө 7-майда саат 23:45 чамасында Индиянын жараны достору менен Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде отурганын, аларга 3 бейтааныш жаран келип, эч себепсиз сабаганы маалым болгон. Ошол эле күнү жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты Ленин РИИБге кааталып, 280-берене менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат. Тергөө уланууда.