Бишкекте сабалган жаран ооруканада көз жумду

Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти.

26-август күнү саат 23:57 чамасында Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен медициналык мекемеге 1957-жылы туулган жаран ооруканага жаткырылган. Анын сабалганы аныкталып, көкүрөк тарабынан жаракат алган.

Бул факты боюнча райондук башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, денесине келтирилген оор жаракаттардан улам ал каза болгонун аныкташкан. Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган жаран кармалды.