Бишкекте сабалган жигитти коргоо үчүн кыз үстүнө жатып алган. Милиция шектүүлөрдү издөөдө (видео)

Социалдык тармактарга Бишкектеги «I Mall» соода борборунун астында топ эркек эки жигитти сабап, бир кыз жигитти коргойм деп үстүнө жатып алган видео тарады. Аталган окуя боюнча Ленин РИИБи маалымат таратты.

12-июлга караган түнү саат 03:20 чамасында Бишкектеги соода борборунун астында белгисиз адамдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке милиция кызматкерлери барганда эч ким жок болуп чыккан. Аталган факты электрондук китепчеге катталып, кылмышка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.