Бишкекте Садыр Жапаровдун тууганы делген Улан Жапаровдун кармалганы айтылууда

Президент Садыр Жапаровдун тууганы делген Улан Жапаров кармалганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу экени айтылды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан анын 26-июлга чейин камакка алынганын билдиришти. Анын инициалдары Жапаров Улан Ракымжановичтин ысымына туура келип жатат. ИИМ маалымат бере элек.