10-март күнү Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндө айдоочу самокат тээп бара жаткан баланы сүзүп кеткен.
Окуя саат 14:30дар чамасында Медеров көчөсү менен кесилишкен жерде болгон.
«Самокатчан бала жол чырак жашыл күйгөндө өтүп бара жаткан. Унаа сүзгөндөн кийин башы бордюрга тийди. Азыр бала ооруканада жатат», — деп жазат жергиликтүү ЖМК.
Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.