Бишкекте самокат тээп бара жаткан баланы унаа сүзүп кеткен видео тарады

10-март күнү Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндө айдоочу самокат тээп бара жаткан баланы сүзүп кеткен. 

Окуя саат 14:30дар чамасында Медеров көчөсү менен кесилишкен жерде болгон.

«Самокатчан бала жол чырак жашыл күйгөндө өтүп бара жаткан. Унаа сүзгөндөн кийин башы бордюрга тийди. Азыр бала ооруканада жатат», — деп жазат жергиликтүү ЖМК. 

Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.