Бишкекте шамалда бактын алдында калган 13 жаштагы кыз. Дарыланууга кеткен акчаны «Бишкек жашыл чарба» ишканасы төлөп берет

Кечээ, 13-июнь күнү Бишкекте болгон катуу шамалдан 13 жашар кыздын үстүнө бак кулап түшкөн. Кырсык Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Мэрия окуя боюнча үн катып, ата-энесинин эч кимге доосу жок экенин билдиришти. «Буга чейин «Бишкек жашыл чарба» ишканасы куурап калган бактарды бутоо иштерин жүргүзгөн, бирок токтоп турган унаалар менен аянттын тыгынына байланыштуу ишкананын атайын техникасы кирип, теректи толук бутай алган эмес»,- дешти мэриядан. 

Ошондой эле ишкананын жетекчилиги кыздын ата-энеси менен жолукканын билдирип, дарылоонун акчасын ишкана төлөп берерин айтышты.