Бишкекте «Шашлычник» кафесинен чоң өрт чыкты (видео)

Бишкекте «Шашлычник» кафесинен чоң өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь районунундагы 7-апрель-Мадиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 18:44тө 1 бөлүм, саат 18:56да кошумча дагы 1 бөлүм тартылган. Учурда өрттү өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат.