Бишкекте «Шашлычник» кафесинен чыккан өрт өчүрүлдү

Бүгүн, 24-майда Бишкекте «Шашлычник» кафесинен чыккан өрт саат 19:58де өчүрүлдү. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Октябрь районунундагы 7-апрель-Мадиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 18:44тө 1 бөлүм, саат 18:56да кошумча дагы 1 бөлүм тартылган. Учурда өрттү өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат.