Бишкекте «Шоронун» сатуучусун унаа сүзүп кетти

иллюстрация

Бишкекте жеңил унаа «Шоро» суусундугун саткан аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-май күнү Садырбаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота-Алтеза үлгүсүндөгү унаа сатуучуну сүзүп кеткен. Унааны 25 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Ал рулга ээ боло албай калган. Андан тышкары, айдоочу токтоп турган Фольксваген Гольф-3 унаасын сүзгөн. Жабырлануучу аял шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылды.