Бишкекте синтетикалык баңги заттарды өндүрүү боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңги заттарды даярдоо жана сатуу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-февралда баңги топтун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалышты. Аларды тинтүү учурунда марихуана баңги заты, «Мефедрон» синтетикалык баңги затын жасоо үчүн прекурсорлор жана ошондой эле тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылып алынган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктады, андан соң ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.