Бишкекте синтетикалык баңги заты менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалды

УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан жеке керектөө үчүн синтетикалык дарыларды сатып алуу, адамдардан акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталып, бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү), 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) жана 262-беренеси (Кылмыш чөйрөсүн түзүү) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тергөө иштеринде, ички иштер министрлигинин системасында ошондой эле анын структуралык жана аймактык бөлүмдөрү, туруктуу кызматкерлер тобу, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, адамдарды кармоонун кийинки этаптары менен, «кыстармалар» деп аталган Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу жеке колдонуу үчүн синтетикалык баңгизаттарды сатып адамдарды аныкташкан. Ошол эле маалда кылмышка тиешеси бар адамдарды уюлдук телефондоруна болжолдуу кармоо процесси тартылып алынып, жана видеоматериалдар кылмыш жоопкерчилигине тартып, тергөө камак жайга камайбыз деп коркутуу менен кармалгандардан акча талап кылуу үчүн колдонулган. Коркутуулардын жана психологиялык басымдын натыйжасында кармалган жарандар ИИМдин аталган кызматкерлерине 20 миң сомдон 5 миң долларга чейин акча каражатын өткөрүп берүүгө мажбур болушкан, алар талап кылынган сумманы алгандан кийин баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган фактыларын жашырып, кармалгандарды бошотушкан.
Тергөөдө акыркы 2 жылда гана болгон 200дөн ашык ушул сыяктуу фактылар боюнча маалыматтар алынып, синтетикалык баңги заттарына каршы күрөшүү жаатындагы өлкөдөгү иш жүзүндөгү кырдаалды жашыруунун мурда болуп көрбөгөндөй фактылары жөнүндө күбөлөндүрөт. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИМдин учурдагы кызматкерлери «Б.К.», «Э.А., «Н.К.», «Б.И. жана У.Ч. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмыштуу схемага тиешеси бар ИИМдин бардык кызматкерлерин аныктоого жана кармоого багытталган иш-чаралар улантылууда жана тиешелүү далилдер табылар замат кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.