Бишкекте скутер айдаган жигит бетон аралаштырган унаанын алдында калып, көз жумду

Социалдык тармактарга бетон аралаштыргычы бар унаа менен скутердин катышуусундагы жол кырсыктын видеосу тарады. Бишкек ШИИБден кырсык тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрда саат 11:45 чамасында Howo үлгүсүндөгү унаанын 2000-жылы туулган айдоочусу Жайыл Баатыр менен Шералиев көчөсүнө бурулуп жатып, скутер менен сүзүшкөн. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. Жерине барган милиция каза болгон скутердин айдоочусу 2007-жылы туулган жаран экенин аныкташкан. Тергөө уланууда.