Бишкекте скутер айдоочу сүзгөн 2 жарандын бири көз жумду (видео)

Бишкекте 2 жүргүнчүнү скутердин айдоочусу кагып, бирөө көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

3-сентябрь күнү саат 21:15 чамасында 1992-жылы туулган жаран Чүй проспектиси менен скутер айдап батыш тарапты көздөй бара жатып, Чүй проспектисинин жол бөлүгүнөн түштүк тарапка өтүп, бөлүүчү тилкеде турган 1995-жылы туулган С. Н. жана 1993-жылы туулган С. Т. аттуу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан ары Чүй проспектиси менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан Хундай Соната үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Кесепетинен жөө жүргүнчүлөрдүн бири 1993-жылы туулган жаран денесинен алган жаракатынан улам каза болгон, ал эми экинчиси Улуттук бейтапканасына жаткырылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишинин алкагында, жол кырсыгынын бардык катышуучулары суралды. Мындан тышкары, өлүмдүн себебин жана ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, транспорт каражаттарына соттук-автотехникалык жана трассологиялык экспертизалары дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

Шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.