Бишкекте скутердин жүргүнчүсү жол тескөөчүлөргө ызы-чуу салган видео тарады

Бишкекте скутердин айдоочусу жана анын жүргүнчүсү жол тескөөчүлөргө ызы-чуу чыгарган видеону Милициянын кайгуул кызматы жарыялады. 

Маалыматка караганда, скутер айдоочу жол чырактын кызылынан өтүп кеткен. Ага скутерди токтотуу боюнча талап коюлганда, качып жөнөгөн.

Жол тескөөчүлөр айдоочуну кубалап жеткенде, жүргүнчү аралашып, ызы-чуу чыгарган. Акырында скутер эвакуатор менен айып короого жеткирилген.