Бишкекте согушка каршы митингге чыккан жарандык активист кармалып, айып пулга жыгылды

Кечээ, 5-марта Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында согушка каршы митингге чыккан жарандык активист Мирлан Атакозу-теги кармалды. Биринчи Май райондук милициясынан анын митингге катышканы үчүн эмес, милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбегендиги жана майда бейбаштык үчүн кармалганын билдиришти.

Бүгүн, 6-мартта жарандык активисттин бөгөт чарасы сотто каралып, Мирлан Асакеевге (Мирлан Атакозу-теги) 3 миң сом айып пул салынганы маалым болду. Сот аны “майда бейбаштык” боюнча актап, «ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» менен күнөөлүү деп табуу менен айып пул салды.