Бишкекте сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшкөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
10-январь күнү саат 03:24 чамасында милицияга Ашхабад көчөсүндө “притон” уюштурулгандыгы тууралуу чакырык түшкөн. Чакыруу болгон жерге Биринчи Май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын Биринчи май администрациялык району боюнча адистери барышкан, окуя болгон жерге келгенде кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 2004-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып жатат.