Бишкекте сойкулардан акча алып жүргөн шектүүлөр кармалды (видео)

Бишкекте акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгына Бишкек шаарында көптөн убакыттан бери туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иштеп жаткандыгы, анын уюштуруучусу мурда бир нече жолу соттолгон, алдын ала жасалма кызматтык күбөлүгүн жана белгисиз маркадагы куралын көрсөтүп, милиция кызматкери деп өзүн тааныштырып жүргөн. «Притон-Бабочка» рейдинин шылтоосу менен профилактикалык иш-чарага шылтоолоп, интимдик кызмат көрсөткөн кыздардан дайыма акча талап кылышкан. Бул адамдар акча каражаттарын накталай, кээ бир учурларда тиркемеге которуу же башка банктык операциялар аркылуу алышат.

Аталган фактынын негизинде 208-берене (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1995-жылы туулган И.Ы., 2002-жылы туулган А.Э., 2003-жылы туулган И.А. жана 1995-жылы туулган Э.А. аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөрдүн биринен кызматтык күбөлүгү табылып, алынып жана тиешелүү экспертиза дайындалды. Ошондой эле башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилет. Учурда кылмыш иликтөө уланууда.