Бишкекте сойкулук менен алектенген 169 кыз-келин аныкталды

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын, Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Притон» аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу,боюнча иш-мерчемин аткаруу максатында, жаш өспүрүмдөрдү соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алууга, сойкулук менен алектенген адамдарды, көмүскө жерлерди, мейманканаларды, мончо жана башка жайларды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын аймагында сойкулук менен алектенген 169дан ашык кыз аныкталып, райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилди. Алар менен адеп ахлактын эрежелерин сактоо, коомчулукта мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы тууралуу түшүндүрүүлөр болду.