Бишкекте сойкулук менен алектенген 171 кыз милицияга жеткирилди

Борбордук милиция кызматкерлери «Притон» аталышындагы алдын алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө сауналар, мейманканалар, батирлер текшерилди. Жыйынтыгында, райондук ички иштер башкармалыктарына интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 171ге жакын кыз жеткирилген. Алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жана тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Ошондой эле рейд учурунда, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине ылайык «Сойкулук менен алектенүү» боюнча 10 административдик протокол түзүлгөн.