Бишкекте сойкулук менен алектенген 50дөн ашык кыз милицияга жеткирилди (видео)

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Притон» аталышындагы иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө, аялдарды жана жаш өспүрүмдөрдү соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алууга , сойкулук менен алектенген адамдарды , көмүскө жерлерди,мейманканаларды, сауна жана башка жайларды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлдү.

Ошону менен бирге иш-чара учурунда Бишкек шаарынын аймагында сойкулук менен алектенген 50дөн ашык кыздар аныкталып, райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилди. Алар менен адеп ахлактын эрежелерин сактоо, коомчулукта мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы тууралуу түшундүрүүлөр болду.

Белгилей кетсек, үй комитеттери жана көп батирлүү турак жайларды, ал батирлер кандай максатта пайдаланылып жатканын текшерүү жана аныктоо боюнча иш-чаралар улантылат.