Бишкекте сойкулук уюштурган жана ыпластыкка көмөктөшкөн шектүүлөр кармалышты

2-май күнү милицияга Радищев көчөсүндө “притон” уюштурулгандыгы тууралуу чакырык келип түшкөн. Чакыруу болгон жерге дароо эле Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана ыкчам кызматкерлер барышкан, окуя болгон жерге келгенде кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган Э.Б. жана 2004-жылы туулган Н.к.А. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Көңүл буруңуз! Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын меймандары, эгерде сизде интим кызматтарын көрсөтүү менен алектенген адамдар же жерлер тууралуу ар кандай маалыматыңыз болсо, төмөнкү телефон номерлери боюнча токтоосуз билдирүүнү суранабыз: 0(508) 111-112, 0(312) 56-60-43 жана күнү-түнү кыска номери боюнча 102. Анонимдүүлүк кепилденет.