Бишкекте соода борборунан 154 миң сому бар сумканы уурдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте соода үйүндөгү жуунуучу каражаттар сатылган дүкөндөн 154 миң сомду уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
«17-июль күнү нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну М.Г. соода борборундагы жуунуучу каражаттарды саткан дүкөнүнө белгисиз жарандар кирип 154 миң сом акчасы бар сумкасын уурдап кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында 23-июлда 1997-жылы туулган С.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук сотунун чечими менен шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, СИЗО-1ге 1 айга киргизилген. 

Учурда уурулукка шектелген жарандын башка окшош кылмыштарга катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө», — деп билдирет басма сөз кызматы.