Бишкекте суу ташкыны токтотулуп, Ала-Арча дарыясындагы тыгын тазаланды

Абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ала-Арча дарыясынын нугунда муз тыгыны пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.
Тыгындарды жоюу үчүн «Бишкек суу чарба», «Бишкек жашыл чарба», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары ыкчам тартылган. Тыгынды тазалоого 5 экскаватор, 4 «HOWO» унаасы, 2 фронталдык жүктөгүч, 1 ылай соргуч, 30 жумушчу тартылды.

Бул жагдайды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жеке өзү көзөмөлдөйт.