Бишкекте таанышын бычактаган шектүү кармалды

Чүйдүн Жайыл районунда денеге оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда саат 00:30 чамасында Кара-Балта шаарында жайгашкан үйдө 3 жаран спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Бири экинчисине бычак сайып, из жашырып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.