Бишкекте таанышын бычактоого шектүү жигит кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

3-сентябрь күнү Ленин РИИБге жаран баласынын таанышына карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 05:30 чамасында Жумушчулар шаарчасынан белгисиз курч нерсе менен баласынын денесине оор залал келтирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (денеге оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 2001-жылы туулган жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.